БШК Талант Мамытовду каттоого алуудан баш тартты. "Ынтымактын" билдирүүсү
RU

БШК Талант Мамытовду каттоого алуудан баш тартты. "Ынтымактын" билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШКдагы "Ынтымак" партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ильзат Аймухамедов Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттин спикери Талант Мамытовду партиянын талапкери катары каттоого алуудан баш тартуу чечими боюнча кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ага БШК тараптан партиянын талапкерлер тизмесин каттоо боюнча жыйын канчада өтө тургандыгы тууралуу так маалымат берилген эмес.

"2021-жылдын 24-октябрында, жекшемби күнү, саат 16:13тө мага 0312 62 08 27 телефон номеринен чалып, ошол эле күндүн саат 18:30да партиянын талапкерлер тизмесин каттоо боюнча БШКнын жыйыны пландаштырылганын билдиришти. Телефон чалуу күтүүсүз болду. Мен дем алыш күнү жыйын өтө турганын билген эмесмин. Ошого карабастан шашылыш түрдө камынып баштагам", - дейт партиянын өкүлү.

Андан кийин ошол эле номерден кайра саат 16:44тө чалып, жыйын 17:00го жылганын билдиришти. "Телефон чалуулар телефонумда сакталуу", - деди Аймухамедов.

Анын айтымында, андан тышкары, 23-октябрда, Нурлан Койчукеев, БШКнын төрагасынын орун басары, БШКнын төрайымы Шайлдабекованын иш сапарына байланыштуу, жыйын 26 октябрга жыла тургандыгын маалымдаган.

Менин пикирим боюнча, БШК мени жыйынга катыштырбаганга бардык аракетин көрдү.

"Ынтымак" партиясы жазуу түрүндө жөнөтүлгөн катка карабастан, азыркыга чейин БШКнын чечимин ала элек. Ошол эле маалда, каттоого алуудан баш тарткандыгы тууралуу бардык маалымат каражаттарына билдирүү таратыптыр", - деп Аймухамедов нааразы. Чечимди алгандан кийин "Ынтымак" партиясы билдирүү жасай турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4049