Сузак РИИБси: Ташиев жөн гана ачкычын тапшырып койгон, үйдү айылдыктар салып беришкен
RU

Сузак РИИБси: Ташиев жөн гана ачкычын тапшырып койгон, үйдү айылдыктар салып беришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБси УКМКнын торагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылындагы Муратовдордун үй бүлөсүнө жөн гана ачкычын тапшырганын, бирок үйдүн өзү айылдыктардын каражатына тапшырылганын билдирди.

https://kaktus.kg/doc/3910_jerdeshterim_kondyrdy._kamchybek_tashievdin_bir_tyygany_shayloogo_katyshat.html

Милиция берген маалыматка ылайык, жергиликтүү бизнесмен Абдимиталип Мамытов жана айылдын айрым тургундары биргелешип муктаж болгон үй бүлөго төрт бөлмөлүү үй салып беришкен. Үйдү жаңы ээлерине тапшырыла турган күнү Камчыбек Ташиев да ошол райондо болгондуктан, андан үйдүн ачкычын тапшырып коюңуз деп суранышкан экен.

Эске салсак, Facebook колдонуучусу Пери Орозбекова №14-бир мандаттуу округ боюнча Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси - Шаирбек Ташиев талапкерлигин койгондугун жазган. Ошол эле учурда УКМКнын төрагасы муктад үй бүлөгө жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Даттануу БШКга келип түшүп, ал ИИМге карап чыгууга жөнөтүлгөн болчу.

Ал эми Сузактын РИИБси текшерүү жүргүзүп мыйзам бузуу болгон эмес, деген тыянак чыгарды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунда "Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз" деп жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4076