16 жаштагы кызды зордуктоо. Шектүүнүн туугандарынын айылдан чыгып кетиши (видео)
RU

16 жаштагы кызды зордуктоо. Шектүүнүн туугандарынын айылдан чыгып кетиши (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда 16 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого аракет кылып, сабады деп шектелген жарандын үй-бүлөсү айылдан чыгып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, 8-декабрда шектүүнүн үй-бүлөсү Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынан чыгып кетишкен. Айыл тургундары буга чейин көчүрүү талабын аткарбаса, үйүн өрттөйбүз деп коркутушкан эле.

Лунара Бекиева аттуу колдонуучу Фейсбукка кары-картаңдардын үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонуна нааразы болуп, мунун кереги барбы беле? - деген суроо калтырган.

Бирок, ал жердин бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар соту аны көчүрүү чечимин чыгаргандыктан, баары "мыйзам чегинде" болуп жатканын айтып ишендиришти. Бекиева алар менен макул эмес жана мындай чечим легитимсиз экенин билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 5-декабрда Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну мас абалында 16 жаштагы жергиликтүү тургунду зордуктоого аракет кылып, катуу сабап салган. Шектелүүчү кызды жана анын ата-энесин таанычу - алар кошуна болгон. Кызды Бишкекке жеткирип коём деп алып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4717