Өспүрүмдү зордуктоо аракети. Тургундар шектүүнү айылдан чыгып кетүүсүн талап кылууда
RU

Өспүрүмдү зордуктоо аракети. Тургундар шектүүнү айылдан чыгып кетүүсүн талап кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүүнүн айылдаштары аксакалдар сотунан кийин шектүүнүн үй-бүлөсүн Кызыл-Туу айылынан эки күндүн ичинде чыгып кетишин талап кылышууда.

Алардын айтымында, эки күндөн бери 16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүүнүн үй-бүлөсүн жаштар өздөрү айдап чыгууну көздөп жүрүшөт. Аларды араң кармап жатышат.

"Үйүн өрттөп, айылдан кууп чыкмакпыз. Бирок мыйзам бар, аксакалдарыбыз да токтотуп коюшту. Эки күндүн ичинде айылдан чыгып кетпесе, өзүбүз чара көрөбүз. Ушунча жылдан бери бул үй-бүлө биринчи жолу кылмышка шектелип жаткан жок, мурда мал уурулук жана башка фактылар болгон", - деди тургундардын бири.

Дагы бир тургун да ошондой эле оюн айтты.

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев бул иш мыйзам чегинде катуу караларын, күнөөлүү адам жазасын алышы керектигин билдирди.

Дагы бир тургун зордуктоого шектелген адам мурда зордуктоого шектелип, бирок эмнегедир жоопкерчиликтен кутулуп кеткенин, эми жооп берүүдөн качууга жол берилбеши керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, 5-декабрь күнү таң эрте Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну мас абалында 16 жаштагы жергиликтүү кызды зордуктоого аракет кылган (зордуктоо фактысы тастыкталган эмес). Мындан тышкары ал кызды катуу сабаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4678