"Маткасымов" брендинин негиздөөчүсү Убай: Миң сом менен бизнес баштагам
RU

"Маткасымов" брендинин негиздөөчүсү Убай: Миң сом менен бизнес баштагам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Убай Маткасымов өзүнүн фамилиясын бренд кылган 30 жаштагы жеке ишкер. Анын компаниясы КРде эле эмес, жакынкы өлкөлөргө да таанымал. Бул дэңгээлге түнү менен болсо да чөп чаап, сатуучу болуп жүрүп жеткенин айтып берди.

"Маткасымов" компаниясы элге алгач антенна гана чыгаруучу компания катары таанылса, азыр үйгө керектелүүчү, тиричилик буюмдары менен белгилүү. Товарларынын 50%дан көбү коңшу өлкөлөргө экспорттолот.

Ишкер бизнесин 1000 сомго жетпеген акча менен баштаганын айтат.

"Көбү бизнес башташ үчүн көп акча керек деп жүрө беришет. Негизи акча эмес биринчи эрк керек. Менин биринчи жасаган антеннама 1000 сомго жетпеген каражат кеткен",- дейт Убай.

Бул жумушу баштала электе, азыркы заводу курулган жерде ата-энеси менен чогуу кейиштүү үйдө жашаганын белгиледи.

"Бул жерде мурун жан кейитээрлик эски үй бар болчу. Ата-энем үйүбүз сыз жерде болгонуна кабатыр болуп жүрүшкөн. Мен аларга буюрса алдыңкы үч жылда башка жерге көчүп, бул жер ишкана болуп калат деп сөз бергем. Алар буга ишенгиси келип, бирок ишене албай жүрүшкөн. Алдыда эмне болоорун так билбейбиз. Бирок, буюрса деп сөз берүү бизди алдыга сүйрөп турат экен. Ошол сөзүм үчүн да көп аракет кылдым",- дейт ишкер.

Бизнесмен көп тармакта иштеп көрүп, жолун таба албай, кыйналып жүргөнүн, түнү менен чөп чаап тапкан акчасы тууралуу да сөз кылды.

"Ата-энем Алматыда бут кийим сатып иштечү. Мен жаш болуп алар кантип иштеп бизди багып жүргөнүн ойлонбоптурмун. Бир жолу мени да ошол жакка алып кетишти. Ал жактагы айрыкча апамдын бут кийим сатып жатканын көргөндөн кийин мен өзгөрүп башкача адам боло баштадым. Анткени кардары кетип калбашы үчүн эркек-аял дебей, жада калса бутун кармап, бут кийимин өзү чече калып, кийгизе калып иштейт экен. Ошондон кийин бир топ иш жасап көрдүм. Бирок, эч ыгын таба алган жокмун. Көп убакыт топтоп жүргөн акчамды жоготуп салган учурлар да болду. Кайра Кыргызстанга келип, депрессияга түшүп калдым. Ошол кезде тааныштарым "туруп жок дегенде чөп чаппайсыңбы" деп калышты. Ага макул болуп чөп чапкам.

Белден тер кетип, шымым суу болуп калгыча, түнү болсо да шахтёрлордун фонариги бар баш кийимин кийип алып чапчумун. Өзүмө жинденип, күчүмдү ошондон чыгаргам",- дейт күлүп.

Ошол чапкан чөбүнүн акчасы менен Бишкеке келип, товар алып, базарда сатуучу болгонун да кошумчалады.

Чөптү сатсам 41 миң сом болду. Анан ошол акчага товар алып базарда сатуучу болдум. Сатып жаткан буюмдарымын арасынан бирөөнү өзүм жасайм деп максат коюп, кийин антеннаны өзүм жасап көрсөм окшошуп калды. Ошентип 1000 сомго жетпеген акча менен биринчи антеннамды жасап сата баштадым. Элдер башында ушундай да антенна болмок беле деп ишенбей жүрүшкөн. Азыр чет өлкөгө таанымал антеннага айланды. Бизнести чоңойтуп үтүктөө тактасы, телевизорлорго кронштейн, антенналардын түрлөрүн, кийим кургаткычтар, электр жана газ панелдери сыяктуу бир топ тиричилик буюмдарын чыгарып калдык".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4803