Кыргызстанда жаңы кызматты жараткан жаштар: Алдап, жеп жатасыңар дегендер болгон
RU

Кыргызстанда жаңы кызматты жараткан жаштар: Алдап, жеп жатасыңар дегендер болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аман Сейдакматов менен Билимбек Бактыбеков кадимки эле азык-түлүк сатуу бизнесин баштаган. Алардын өзгөчөлүгү бир нанды болсо да кардардын эшигинин астына чейин бекер жеткирип берет. Баалары да башкалардан айырмаланбайт.

Мындай жеткирип берүү кызматы Кыргызстанда биринчилерден болуп эсептелет. Тамак-аш же кийим-кечелерди жеткирип берүү кызматы бар. Бирок, алар көп санда гана алсаң бекер жеткирет же жол кире үчүн акча алышат.

Бул жигиттер IT тармагы көп мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын айтышат.

IT тармагынын артында ишибиз жеңилдейт. Эгер мурункудай тартипте иш алып барсак мындай көрсөткүч көрсөтө албайт болчубуз. Учурда биздин идеябызга кызыгып, бул кызматты дагы чоңойтууну каалаган инвесторлор көбөйүүдө. Кыргызстандан эле эмес, чет өлкөлүктөр да чогуу иштешүүнү сунуштап жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4139