Булгары брендин жараткан Чаланов: Кырк жылдан бери тери менен иштейм
RU

Булгары брендин жараткан Чаланов: Кырк жылдан бери тери менен иштейм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишенбек Чаланов 40 жылдан бери тери менен иштейт. Эмгектеринде тарыхты, улуттук нерселерди, чыгармаларды чагылдырат.

Чебердин жасаган эмгектери Кытай, Германия, Пакистан, Азербайджан, АКШ, Италия, Голландияга чейин тараган. Жалпысынан дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн музейлеринде жасаган эмгектери сакталып турат.

"Менин максатым кол өнөрчүлүктү живопись, графикадан бөлүп, искусствонун бир бутагы катары көрсөтүү. Булгаары иштетүү да бир искусство. Ар бир буюмду жасоодо өзүнө тиешелүү ыкмасы, сыры болот. Булгары табияттын бир бөлүгү жана анын өзүнүн тили бар. Эгер тилин түшүнбөсөң ойдогудай буюм жасоо кыйын",-дейт ал.

Чалановдун жасаган буюмдары 10дон ашык өлкө башчылары, премьер-министрлер жана элчилерге белек катары тартууланган. Андан тышкары Ишенбек Чалановдун жасаган эмгектери колдон колго бааланып, баасы 15000 долларга чейин чыккан ээрлери болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4453