Садыр Жапаров: Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо
RU

Садыр Жапаров: Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс" партиясынан талапкерлигин коюп алдын ала жыйынтыктар боюнча Жогорку Кеңешке өткөн талапкер Жанар Акаев, квотанын айынан депутаттык мандаттан кур калды. БШК 15-декабрда токтомго өзгөртүү киргизип, ага ылайык, 7 мандат алган партия 3 орунду аял кишиге берүүгө тийиш. Буга чейин 2 орун аялдарга берилчү.

Мындай өзгөртүү эки гана талапкерге таасирин тийгизди, алар: Жанар Акаев жана Токтобүбү Оргалча. Анткени өзгөртүлгөн токтомго ылайык, Оргалча Акаевдин ордуна депутат болот.

Жанар Акаве бул боюнча социалдык тармакка жеке пикирин жазган. Ал "Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук!" - деген баа берип, "Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!" деп жазган.

Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров жеке аккаунтунан ага жооп кайтарды:

"Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коеюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен.

Айлана-чөйрөмдөгүлөр "жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес" деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, "чын эле менин деңгээлим эмес" деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду.

Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо.

Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, "президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди", - дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага "бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин", - дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.

Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.

Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Тотобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда "Эл Үмүтү" партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми "Альянс" партиясына чаптайсыңарбы? "Альянс" партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?

Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү.

Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын.

Эң кызыгы, бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра "шпион, уйгур, четтен келген" деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт.

Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4807