Жанар Акаев vs Токтобүбү Оргалча. Анын ЖКга келишине ким кызыкдар?
RU

Жанар Акаев vs Токтобүбү Оргалча. Анын ЖКга келишине ким кызыкдар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы токтомго өзгөртүү киргизип, ага ылайык, 7 мандат алган партия 3сүн аялдарга бериш керек. Буга чейин 2 мандат аялдарга берлисин деп жазылган болчу.

Жыйында белгилүү болгондой, "Альянс" партиясынан талапкерлигин койгон Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңештке Токтобүбү Оргалча келе турганы белгилүү болду. Сырттан караганда бул токтом аялдардын квотасын сактоого багытталгандай көрүнөт. Бирок жакшырак изилдеп көрсөк, кырдаал такыр башкача.

Бул токтом жыйынтык чыгараардын алдында кабыл алынды жана эки гана талапкерге таасирин тийгизди. Өзүнөн-өзү суроо жаралат: буга ким кызыкдар?

Токтобүбү Оргалча жөнүндө эмнелер белгилүү?

Токтобүбү Оргалча - этникалык кыргыз, 1972-жылдын 10-сентябрында Кызылсуу Кыргыз автономдук округунда туулган. 1990-1995-жылдары Синьцзян медициналык университетинде кардиохирургияны бүтүрүп, 1997-2000 жылдары Пекин медицина университетинде аспирантураны аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1995-2012-жылдары Синьцзяндагы №1 ооруканада кардиолог болуп иштеген;
  • 2012-2015-жылдары Гуанчжоудо бизнес жүргүзгөн;
  • 2015-жылы күйөөсү менен биргеликте Кыргызстанга келип "Шыдыр жол Кей Джи", "Томас Кей Джи", "МегаКомпани" компанияларын негиздешкен. Үй бүлөлүү, бир уул, бир кызы бар.

osoo.kg порталындагы маалыматка ылайык, Токтобүбү Оргалча буга чейин Оуерхалика Тохутибуби деген ат менен катталган болушу мүмкүн.

Кыргызстандагы ишмердүүлүгү

vb.kg сайтына шайлоо алдындагы кампаниясынын алкагында берген интервьюсунда Кыргызстанда медицина багытында бизнес ачууну пландаганын, бирок бул иш түрдүу жол тосууларга туш болгонун бөлүшкөн.

"Бул багытта иш алып баруу аябай оор болду. Ошол кезде Бишкекте коомдук транспорт менен көйгөйлөр бар экенине көңүл бурдук. Ошондо бул багытта бизнес жүргүзүу идеясы жаралган", - деп айтып берген.

"Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКсы алгач 12 автобус алып келип, кийин дагы 54 авттобус алып келип, №35 автобустук маршрут ачылган. Кийин №5 жана №15-маршруттарды фирмага өткөрүп беришкен. Бирок кийин такыр пайда алып келбей жалан чыгымга дуушар болгондуктан бул маршруттар токтотулган. Азыркы тапта №18 автобустук маршрут сунушталууда. Жакында бул линия менен да автобустар жүрө баштайт.

Ал ортодо Бишкектин мэриясынын ушул жылдын жаз айларында берген маалыматына ылайык, "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы газ менен жүргөн 600-1000 даана автобус алып келип берем деген милдеттенмесин аткара элек.

"Азыркы тапта компаниянын Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына автопаркты колдонгондугу үчүн ижара акы катары 1 млн 53 миң сом карызы бар", - деп муниципалитеттен билдиришти.

Кызыгы, карызы толтура болгонуна карбастан кайрымдуулук менен алектенет

Быйыл жайында, маршруткачылар иш таштап, шаардыктар жол жүрө албай калышкан. Айгүл Жапарованын "Үмүт булагы" фонду бишкектиктерди бекер ташуу үчүн 20 автобусун сунуштаган. Фонд траспорт Токтобүбү Оргалчанын "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясынан ижарага алганын билдирген. Бирок компания ижарага бергенин танып, Айгүл Жапаровнын фонду ар бир автобуска 60 литр май бергенин маалымдады.

"Көйгөй жаралганда, фонд кайрымдуулук өткөрүү сунушу менен кайрылган. Меморандумда фонд автобустарга май куюп берет деп жазылган. Калган чыгашаларды биз көтөрүшүбүз керек болчу. Шаар тургундарын бекер ташып жаттык. Биз айдоочуларыбызга күнүнө 1000 сомдон төлөдүк", - деп фирманын өкүлү Нургазы Балтабаев айткан. Кийин ал Оргалчанын күйөөсү экени белгилүу болгон.

Ошону менен, биринчи айымдын фонду жана "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы карызы опол тоодой болуп жатканына карабастан, кайрымдуулук менен алектенишкен.

"Шыдыр жол" жана октябрь окуялары

Бул "Шыдыр Жол Кей Джи" фирмасынын Жапаровдор менен алгачкы кызматташуусу эмес. Октябрь окуялары учурунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташууга макул болуп, ошондо эле көпчүлүккө таанымал болуп калган. "Шыдыр Жолдун" автобустарын Эски аянттан, "Ак-Кеме" жана "Ысык-Көл" мейманканаларынын жанынан көп эле байкашкан.

Бардыгы жөн жерден эмес

Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган токтом түздөн-түз эки эле талапкерге тиешелүу болуп калды. Алар - Жанар Акаев жана Токтобүбү Оргалча. Буга чейин Жогорку Кеңешке чогулткан добушунун саны боюнча өтүп жаткан Жанар Акаев, квотанын айынан ордун аячл кишиге бошотуп берүүгө аргасыз.

Kaktus.kg'ге айрым маалымат булактары билдиргендей, буга Жапаровдор таасир эткен болушу мүмкүн. Анткени биринчи айым Айгүл Жапарова менен Токтобүбу Оргалча бирге кайрымдуулук эле жасабастан курбу да болуп жүрүшөт экен.

Жанар Акаевдин пикири

Жанар Акаев БШКнын чечими боюнча жеке оюн социалдык тармакка жазган.

Анын айтымында "жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!" - деп Акаев жазды.

Ошол эле маалда, Токтобүбү Оргалчаны айыптабай турганын жана күнөо анда эмес экенин кошумчалай кеткен.

Ал эми "Альянс" партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жеенчоров партия БШКны сотко бере турганын жарыяларды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4797