БШК өзгөртүүлөрдү бекитти. Аларга ылайык, Жанар Акаев депутаттын мандатын албайт
RU

БШК өзгөртүүлөрдү бекитти. Аларга ылайык, Жанар Акаев депутаттын мандатын албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-декабрда БШК 2020-жылдын 26-июннундагы №121 "Шайлоо учурундагы добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жана шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгын аныктоо тууралуу токтомго" ылайык, талапкерлердин арасындагы мандат бөлүштүрүүдө аялдар үчүн бекитилген мандаттардын саны жазылган.

Учурда ал токтомдо төмөнкүдөй деп жазылган:

  • 1,2,3, мандат алганда 1 мандат аял кишиге берилет;
  • 4,5,6 мандат алганда 2 мандат аячл кишиге берилет;
  • 7,8,9,10 мандат алганда 3 мандат аял кишиге берилет;
  • 11,12,13 мандат алганда 4 мандат аял кишиге берилет;
  • 14,15,16 мандат алганда 5 мандат аял кишиге берилет;
  • 17,18,19 мандат алганда 6 мандат аял кишиге берилет;
  • 20, 21, 22 мандат алганда 7 мандат аял кишиге берилет;
  • 23, 24, 25 мандат алганда 8 мандат аял кишиге берилет;
  • 26, 27 мандат алганда 9 мандат аял кишиге берилет.

Киргизилген өзгөртүүгө ылайык, партия жети мандат алса, аял кишилерге 3 мандат берилет.

Залда отургандардын бардыгы бул сунушту колдошту.

Ошону менен Жогорку Кеңеште бир аял кишиге көбүрөөк болуп калат - 19 аял.

Токтомго киргизилген өзгөртүү түздөн-түз "Альянс" партисына таасирин тийгизет, анткени алар ЖОКнын жаңы курамында 7 мандат алышкан.

"Альянс" партиясынын талапкери - Жанар Акаевге тиешелүу мандат Токтобүбү Оргалчага өтөт. Ал партиядагы аялдардын ичинен добуштардын саны боюнча үчүнчу орунда. Дагы эки мандатты Гүлкан Молдобекова менен Нилуфар Алимжанова алат.

Эске салсак, шайлоонун соңку жыйынтыгы 18-декабрда чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4786