Казакстандын экс-депутаты көп аял алуу жөнүндө суроо берген журналистке кол салды
RU

Казакстандын экс-депутаты көп аял алуу жөнүндө суроо берген журналистке кол салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын парламентинин экс-депутаты Бекболат Тлеухан vesti.kg'нин корреспонтентине кол салды. Ал андан көп аял алууга кандай карайт деп сураган болчу.

"Менин көп аялым бар, мен муну эч качан жашырган эмесмин. Сени эч ким албай атса менин эмне күнөөм бар?", деп депутат берилген суроого жооп берген.

Бүгүн, казакстандык Мажилистин жыйынында "Нур-Отан" фракциясынан депутат Бекболат Тлеухан өз мандатын тапшырганы белгилүү болду.

"Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедереациясынын вице-президенти болуу сунушу түшкөн үчүн кетип жатам", - деп журналисттерге кырдаалды түшүндүргөн.

Ал ортодо vesti.kg'нин корреспонденти Айнур Коскина экс-парламентарийден коомдо талкууланып жаткан көп аял алуу маселесине көз карашы кандай деп сурады.

Бекболат Тлеухан какшыктап: "Сиз бирөөгө тийейин деп жатасызбы?" деди. Андан кийин "Менин көп аялым бар. Мен мунун эч качан жашырган эмесмин. Мен полигамдуу никеде жашайм" - деп чычалады.

Сиздин партиялаштарыңар буга кандай карайт? деген суроого "Мен кайдан билем? А сиз кандай карайсыз ушуга? Кебетеңизден көрүп турам каршы окшойсуз. Бул менин тагдырым. Сиздин ага кийлигишүүго акыңыз жок".

Лифтти көздөй баратып, Тлеухан журналистти кемсинтүүчу сөздөрдү жаадырып жатты: "Сени бирөө албаса менин эмне күнөөм бар? Менин аялымда эмне ишиң бар?"

Лифт жабылгандан кийин Бекболат Тлеухан Айнур Коскинаны башка бир чаап, штативин сындырып салган.

Казакстандын "Нике жана үй бүлө" Кодекси боюнча никелешүүчүлөрдүн биринин никеси бар болсо экинчи ирет никесин кыйдыра албайт деп жазылган. Бирок III, IV, VI, VII чакырылыштын "Нур-Отан" партиясынын депутаты көп аял алганын жашырган да жок.

Vesti.kg'нин корреспонтенти Казакстандын укук коргоочу органдарына кайрылып, Жазык кодексинин 158 беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4982