Алматыда бакчада балдарды сабаган эжей өз жанын кыйды
RU

Алматыда бакчада балдарды сабаган эжей өз жанын кыйды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда бала бакчанын кызматкери балдарды сабаган видеосу социалдык тармактарга чыгып кеткен. Андан кийин ал өз жанын кыйды деп Tengrinews.kz порталы жазды.

"Алматы шаарынын полиция департаменти 1979-жылы туулган Б. атуу жаран өз жанын кыйгандыгын тастыктайт. Азыркы тапта Жетысус районунун полициясы сотко чейинки иликтөө жүргүзүүдө", - деп полициядан билдиришти.

Буга чейин казак сегментиндеги социалдык тармакка Алматы шаарындагы бакчалардын биринде эжейдин балдарды сабаган видеосу жайылып кеткен. Публикациянын авторунун айтымында, үбөлүк менен ур-токмокко алынган балдардын денеси көгала болуп, ооздору жарылып кеткен. Полиция департаменти билдиргендей, бул факт бирдиктүү реестрге Жазык кодекстин 140-беренесинин 2-бөлүм боюнча катталды.

Кийинчерээк аял бул бакчада эки жылдан бери иштеп жүргөнү, ал мезнил аралыкта ага эч кандай арыздар түшпөгөнү айтылган. Almaty.tv каналынын репортажы берген маалыматка ылайык, ата-энелер арызданып, видео жарыялангандан кийин аны жумуштан кетиришкен болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4978