Бразилиялык мэр атаандашы менен эркекче сүйлөштү
RU

Бразилиялык мэр атаандашы менен эркекче сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин депутаты Эринеу да Силва жана Борба шаарынын мэри Симау Пейшоту шаардык парк боюнча пикир келишпестикти чечүү үчүн адаттан тышкаркы жолун тандап алышкан.

Белгилүү болгондой, да Силва мэрдин ишмердүүлүгүн сындап, ал дарыянын жанындагы паркты сактап кала алган жок, мэр коррупционер жана алдамчы деп айткан. Ага жооп катары Пейшото социалдык тармакка видео жарыялап, оппонентин токмоктогонго даяр экенин билдирген. Ал да Силва менен эрежесиз эр уруштун тартиби боюнча беттешүүгө даяр экенин кошумчалаган. Депутат бул чакырыкты кабыл алган.

Жыйынтыгында беттеш жергиликтүү мектептин спорт залында өтүп, түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. Беттеш үч раунд менен өттү.

Пейшоту каршылашынан көп сокку жеп, акыры аябай чарчап калган. Бирок упай боюнча утуп кетти.

Мушташкан саясатчылар беттештен кийин кучакташып, элдешти.

Биздин саясатчылар ушинтип беттешсе, бармк белеңиз?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4801