Исхак Масалиев: Тиги же бул жаран жождо окуганбы же жокпу чекситтердин иши эмес
RU

Исхак Масалиев: Тиги же бул жаран жождо окуганбы же жокпу чекситтердин иши эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев Орозайым Нарматовага байланыштуу УКМКнын козгогон кылмыш иши боюнча комментарий берди.

"Көпчүлүк Орозайым Нарматованын жасалма дипломуна карата УКМКнын активдүу териштирүүсү боюнча жеке пикирлерин калтырып жатышат. Мен да четте калбайын деп чечтим.

  • Учурунда ал жожго тапшыруу үчүн тиешелүү документтердин бардыгын өткөргөн. Анан, кайсыдыр бир документ азыр табылбай жатса, бул анын күнөөсү эмес. Ал окуп, экзамен тапшырып, курстан-курска өтүп, бүтүрүү экзамендеринен ийгиликтүү тапшырган. Ошонун негизинде ага диплом берилген. Жасалма эмес, түп нускасы.
  • Тергөөчүлөрдүн ал Москвада жүргөндүктөн экзамен тапшыра алган эмес дегени суу кечпейт. Мен деле университеттин юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүргөм. Ошто кызмат өтөгөм, ошндо мен да экзамен тапшырбай калган боломбу? Азыркы президентибиз аскер кызматын өтөп жүргөн болчу, ошого карабастан экзамендерин тапшырган - бул да кылмышбы?
  • Мыйзам боюнча парламенттин депутаттарында жогорку билим болууга тийиш, аны диплом тастыктайт. Диплом жасалма деп аталат, адам такыр окуу жайга барбай койгондо. Ал эми Орозайымдын чогуу окуган курсташтары, окуткан мугалимдери бар.
  • Чекситтер бирөө жарымдын саясий оппоненттери менен күрөшүүдө курал болгондун ордуна өз иши менен алектенсе болмок. Тагыраак айтканда, улуттук коопсуздукту камсыздоо менен. Тиги же бул адам жождо окуганбы, жокпу - бул чекисттердин иши эмес.
  • Менин пикирим боюнча, УКМКнын тергөөчүлөрү азыркы тапта мыйзам менен коргоого алынган объект - "Ысык-Көл" мейманканасынын талкалоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоого тийиш. Жаңы курулушту жүргүзүү үчүн эч бир планы жок туруп, жакшы салынган мамлекеттик имаратты талкалоо - бул кылмыш. Укук коргоочу органдар болсо, белгисиз бир жер тилкесинде, белгисиз бир аял үй салып алыптыр, биз ошону аныктадык, деп ооз көптүрө мактанат!

УКМКнын линиясы боюнча издөөдө жүргөн жаран мификалык Асман шаары долбоорунун жетекчиси болуп дайындалды. Мына ошону кармагыла, ал деле үйлөрдү мыйзамсыз салып жатты беле?!

Бардыгы чаташып кетти - мыйзам менен мыйзамсыздык, милдет менен чыккынчылык, ыйман менен ыймансыздык, чындык менен калп... "Понятиелер" менен жүрүш керек деген сөз улам көбүрөөк орун ээлеп келаткандай", - дейт саясатчы.

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги бир катар кызматкерлерге карата кылмыш иши козголгон. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы мыйзамсыз окууга кабыл алган деп айыпталууда.

УКМКнын берген маалыматы боюнча Нарматова окуу жайдын үчүнчү курсуна орто кесиптик дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алынган. Окуу жайга тапшырууда да жасалма диплом колдонулган имиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5184