Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматова жөнүндө: Экөөнүн тең "беттери калың" экен
RU

Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматова жөнүндө: Экөөнүн тең "беттери калың" экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына интервью берип, Адахан Мадумаров, Орозайым Нарматова, Бактыбек Калмаматов, "Асман" шаары боюнча интервью берди.

- Салам алейкум! Садыр Нургожоевич, мага кенен убакыт берип, бардык суроолорума жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем.

- Алейкум салам! Эч нерсе эмес. Суроолоруңузду бере бериңиз.

- Акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова жөнүндө болмокчу. Экөө тең суракка чакырылды. Экөө тең сизди жана Камчыбек Ташиевди күнөөлөштү. Чынында эле саясий куугунтук болуп жаткан жокпу?

- Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең "беттери калың" экен. Кыргызда "Кыз боозуп, энесин коркутат" деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? "Колуң менен кылганды мойнун менен тарт" дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле.

- Эл арасында эмнеге мурда суракка чакырбай, депутат болгондон кийин чакырат деген суроолор болуп жатпайбы?

- Биринчиден, Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, "Төрт-Көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат.

Мен дароо эле "Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, Төрт-Көчөнү кайра карап чыгалы" дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же анын башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу мен аны айта албаймын. Бүгүн болсо "буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат деп айтып жатат. Бул сөзү менен көнгөн адатынча калп айтып, элдин башын айлантып, алдап жатат. Эч ким бул маселени буга чейин карап чыккан эмес жана бир дагы адис Мадумаровдун Төрт-Көчөнү тажиктерге бергени туура деп баа берген эмес. Баа берилген болсо, бир адис же жөнөкөй эле Көк-Таштык адам "мына мен баа бергем, биздин пайдабызгы чечилген" деп айтып чыксынчы. Эч ким айта албайт. Бул протокол менен Лейлек району толук анклав болуп калып жатса, кантип Төрт-Көчө биздин пайдабызга чечилет? Манкурт болуп калган эле бир кыргызстандык айтып чыкпаса, эс-акылы ордунда болгон кыргыз жараны эч качан антпейт. Төрт-Көчөнү менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, "артымда элим бар" деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет.

Мен бир дагы оппозициячыны кама же бошот деп айта албайм. Азыр система иштеп жатат. Ар бир орган өз ишин кылат. Кылмыш ишин таптыбы тергөөгө алышат. Эгер тергөөгө албай койсо жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет. Билип туруп эмне үчүн тергөөгө алган эмессиң деген сурак болот. Азыр система жана мыйзамдар ушундай. Мурдагыдай "депутат экен, министр экен" деп коркуп отурушпайт. Керек болсо, тергөө же сот иштерине тиешеси болсо, Президент дагы барып сурак бериш керек. Кол тийбестигим бар деген түшүнүктөн кетели. Антпесек жер сатуулар, коррупциялык көрүнүштөр улана берет. Ошентип барып-барып мамлекетибиз жок болуп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан артыбызда өсүп келе жаткан жаштарга сабак болсун. Кылмыш кылдыңбы, жооп бер.

Эмнеге депутаттыкка чейин суракка алган жок десеңиз, шайлоо өнөктүгү башталып кетти. Менин оюмча, ошол үчүн Башкы прокуратура суракка алганга үлгүрбөй калса керек. Эгер ал мезгилде сурап баштаса, анда дагы "шайлоодон өткөрбөй коюштун амалын көрүп жатышат деп айтышмак.

Ар бир кылмыш иштин жооп берчү мезгили келет.

Ал эми Орозайым боюнча айтсам. Мага келген маалыматтар боюнча шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөн экен. ЖАМУга суроо-талап жиберип, жообу келгенче ушул убакка келди дешти.

Негизи кылмыш кылдыңбы, эл катары жооп бер да. Ар кимден күнөө издебей.

- Силерди - Ташиев экөөңүздөрдү дагы чогуу жооп берсин деп жатышпайбы?

- Мисалы биз кайсы кылмышыбыз үчүн жооп беришибиз керек экен?

- Былтыркы Октябрь окуялары боюнча жоопко тартылып жаткан Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов жана башкалардын тарапташтары ушундай талаптарды коюп жатышат. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров деле жоопко тартылышсын деп...

- Биз кылмыш кылып кайсы мекемени басып алдык эле? Асановго окшоп ИИМди бир жума, башкаларына окшоп башка мекемелерди он күндөп басып олтурган эмеспиз. Тескерисинче, "өлкө боюнча басып алган мекемелерди бошоткула, башчысы качып кеткен болсо, орун басарлары иш алып барып турсун, мамлекеттин иши бир мүнөт дагы токтобосун" деп кайрылып жаттык го. Бир айнек сындыртпастан, бир дүкөндү тонотпостон - баарын аман-эсен сактап калдык. Бизди угуп, ошол күндөрү тартип сактап берген ар бир жараныбызга учурдан пайдаланып миң мертебе ыраазычылык билдирем.

Биз баарын укуктук талаадан чыкпай жасадык. Биринчи кезекте мыйзамдардын негизинде парламент аркылуу Премьер-министр болуп шайландым. Андан кийин Президенттин милдетин аткаруучу болдум. Ошентип баарын мыйзам чегинде тынчтык жолу менен түздөп кеттик. Эгер чогулган элдин койгон талабын аткарып, Ак үйгө барып олтуруп алып, чечимдерди кабыл ала баштаганымда, анда мен Убактылуу өкмөттүн катасын кайталамакмын. Дүйнөлүк коомчулуктун мени кабыл алуусу узакка созулуп кетмек.

Ошол күндөрү чогулган эл мага катуу талап койду. Азыр эле президенттин креслосуна олтургузабыз деп президенттин кабинетине алып киришти. Дароо чечимдерди кабыл ала башта дешти. Мен макул болгон жокмун. Мыйзамдуу жолдор менен кетели деп элди араң көндүрдүм. Ошентип, биз бир да мекемени басып алган жокпуз.

Ал эми 9-октябрь боюнча айтсам. Атамбаев баштаган топ ачык эле башаламандык кылабыз деп аянтка келишпеди беле. Сот, прокурорлоду террордук жол менен коркутуп, сабап кеткендер да болду. Алардын баарынын пландары, сүйлөшкөн сөздөрү - аудиоматериалдары тергөөдө сакталып турат. Ошол үчүн баары жоопко тартылып жатышат.

- Эмки суроом Бактыбек Калмаматов боюнча болмокчу. Ал дагы "мени саясий куугунтук кылып, өч алуу болуп жатат" деди. Ушул чынбы?

- Чынын айтсам ошол жигитке көңүл деле бурбайм. Аны саясий куугунтук кылып эмне кылам.

Эгер Бактыбек кадыр-баркы эң жок дегенде 10 пайыз эл колдогон саясатчы болсо бир жөн. Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам. Мен ал бала боюнча бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин. Ошол эле убакта ал бала мен жөнүндө эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтып келди. Бирок мен көңүл бурган жокмун.

Мен Премьер-министр болгондо 2020-жылдын 7-8 октябрь күндөрү Бактыбек Калмаматовду "биринчи вице премьер-министр болуп иштеп бер" деп кабинетиме чакыргам. "Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим Президент болом деп чыкты.

Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар "сен ушинтип кыйкырып чык" деп кокутуп сүрөп коюп жатышат. Алардын баарын кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да.

Артында турган ою жаман саясатчыларга Бактыбектин тагдыры баары бир. Алар үчүн анын тагдыры бир тыйынга татыбайт. Эптеп эле мамлекетте баш аламандык болуп кетсе, биз бир кызматка илинип калалы дегендер. Активист жаштарга - балдарга жана кыздарга ошондой саясатчылардын тузагына түшпөгүлө деп айтаар элем.

- Парламенттин алгачкы жыйынында бир катар депутаттар сизди "Жогорку Кеңештин иш башкармалыгын өзүнүн иш башкармалыгына кошуп алды. Аны кайра бөлүп алышыбыз керек, болбосо көз каранды болуп калабыз" деп сындап чыгышты. Айрымдары президент жана өкмөт менен "чабышып" турбасак, Жогорку Кеңештин аброю түшүп кетет дегендер да болду? Чын эле "чабышып" турушса, Жогорку Кеңештин аброю көтөрүлөбү?

- Иш башкармалыкты бюджеттин чыгымын үнөмдөө үчүн бириктирдик. Илгери бир эле иш башкармалыгы болгон. Президентти, Өкмөттү, Жогорку Кеңешти - баарын жакшынакай эле тейлеп турган. 2005-жылы акылдуусынган спикер чыга калып, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы өзүнчө болуш керек деп бөлүп ала койгон. Бул деген ашыкча жумушчу орун, ашыкча чыгым болгон. Ошондуктан азыр кайра баарын бириктирдик. Бул иш башкармалыгы менин менчигим эмес. Президентти кандай тейлесе, парламентти дагы дал ошондой тейлейт. Биз менчик ишибизди жасап жаткан жокпуз. Мамлекеттик иштерди аткарып жатабыз. Парламент да мамлекеттин, элдин ишин жасап жатат. Ошол үчүн иш башкармалыгы максималдуу түрдө Жогорку Кеңешти дагы тейлеш керек.

Ал эми Жогорку Кеңеш Президент менен "чабышып" турса, аброю өсөт деген акылсыздардын сөзү. Эмне бири-бирибизге душман белек? Тескерисинче, эриш-аркак болуп иштешибиз керек. Мамлекет, эл бир эле. "Президент жана Өкмөт менен "чабышыш" керек" деген парламенттин оорусу 2010-жылдан бери пайда болгон. Биз ал ооруну жок кылдык. Азыр президенттик башкаруу. Эми мындан ары ынтымактуу иштешебиз.

Парламенттин аброю эмнеден түшөт билесизби? Парламент - бул коллективдүү орган. 90 депутаттан турат. Анын 89у супер депутаттар болуп туруп, бир эле депутат кыйшык сүйлөп алса, мына ошондо аброю түшөт, мына ошондо парламентке каймана аттар коюлат. Ошол үчүн ар бир депутат "Алмакан эжем айтпадыбы" дей бербей, так, даана, фактыларды келтирип сүйлөп турса, мына ошондо аброю көтөрүлөт. Ар бир депутат ойлонуп сүйлөш керек. Биз деле депутат болгонбуз. Эч качан болжолдоп эле сүйлөй берчү эмеспиз. Баарын далилдеп алып, анан сүйлөчүбүз.

- Асман шаарын салабыз деп жар салдыңыз. Акча каражатты кайдан табасыз?

- Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алабыз дагы ипотекалык компания аркылуу элге беребиз. Эгер мамлекетибизде 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган.

Ушул жерден бир нерсени айта кетейин.

Мен бийлике келген биринчи күндөн баштап эле өлкөбүздөгү чоң-чоң долбоорлорду изилдеп баштадым. Анын ичинде эл каршы чыгып Ат-Башыга салынбай калган логистикалык борбор да бар. Толук изилдеп чыксам бул долбоор биздин мамлекет үчүн, эл үчүн 100 пайыз пайдалуу долбоор болгон экен. Ал жерде ширеңкеден баштап электромобиль чыгарган заводдорго чейин салынмак экен. 25-30 миң жумушчу оруну түзүлмөк экен. Анан Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Бул жерге салчу акчабызды башка долбоорлорго жумшап салдык эле деп олтурушат. Эми тескерисинче болуп калды. Эл макул, инвестор каршы. Асман шаары боюнча да ушундай болуп калбаш керек. Ат-Башы логистикалык борбору талкууланып жаткан убакта мен камакта жаттым эле. Мен деле эл тарап болуп каршы пикирде болчумун. Анткени бийлик элге толук түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес. Эгер толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, эл деле туура түшүнүп, логистикалык борбор салынып калмак экен.

- "Кумтөрдүн" тагдыры элдин баарына кызык болуп жатат. Бул маселени кандай чечип жатасыздар?

- "Кумтөр" боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. "Кумтөр" бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула.

- Казакстанга элдик толкундоолорду басыш үчүн аскер жибердиңиз. Бул меселеде элдин бир бөлүгү "казак туугандар менен мамилебиз бузулат" деп каршы болсо, айрымдары туура эле болду дешти. Сиздин оюңуз боюнча кандай болду?

- Биз элдик толкундоолорду басыш үчүн жиберген жокпуз. Стратегиялык объектилерин кайтарып берүү үчүн гана жибердик. Казакстандын Президенти ЖККУга кайрылды. Кайрылгандан кийин биз жардам беришибиз керек. Анткени эл аралык келишимдерди аткарабыз деп милдеттенме алып, кол коюшуп эл аралык уюмдарга киргенбиз. Эгер милдеттенмелерибизди аткарбасак, анда бизди башка мамлекеттер мамлекет катары көрбөйт эле.

Силерге кыйнчылык түшкөндө биз барбайбыз, а бизге кыйынчылык болгондо силер келип тургула деген бир жактуу өзүмчүл мамиле кылган болмокпуз. Баарын майдалап айтып олтурбайын, көп жактан бизге минус болуп калмак.

- Эми акыркы суроом. Экономикабыздын акыбалы кандай? Кээ бир адистер "экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт" деп айткан жайлары бар...

- Экономикабыз, Кудайга шүгүр, жакшы. Азыр 500 млн долларыбыз бар. Январь айына 500 млн доллар менен кирүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Азыр бул акчаларды бөлүштүрүп жатабыз. Февраль айынан баштап дыйкандарыбызга, фермерлерибизге 6 пайыз менен үч жылга чейин "Айылбанк" жана РСК банктары аркылуу кредиттерди бере баштайбыз. Жери, фермерлик чарбасы бар ар бир кыргызстандык кредит ала алат. Буга 15 млрд сом бөлүүдөбүз. Ипотекалык компанияга 5,5 миллиард сом берип жатабыз. Булар азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат.

1,5 миллиард сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн бөлүп бердик. 1 миллиард сом ирригацияга бөлдүк. Кыскасы, кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, ошол тармактарга беребиз.

Ал эми "экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт" дегендер - өздөрүн бийликте көргүсү келген саясатчылар. Алардын ою боюнча өздөрү министр болуп бир креслого олтуруп калса, Кыргызстандын телегейи тегиз, баары "жипке тизгендей" болуп калат. Өздөрү кызматта жок болсо, "баары өлдү - тиги тармак өлдү, бул тармак өлдү" деп наалып жүрө беришет. Андайларга көп ишене бербегиле. Менин ар бир жасаган ишим, кабыл алган чечимдерим мамлекеттин, жалпы элдин гана кызыкчылыгына болот. "Жети өлчөп, бир кесебиз", мага ишенгиле!

Эске салсак, бул интервью бүгүн, 17-январда жарыяланды. Буга чейин бир жума эмгек эргүүсүндө болгонун эске алсак, интервьюларды качан бергени белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5186