УКМК депутат Орозайым Нарматова эмне себептен суракка чакырылганын түшүндүрдү
RU

УКМК депутат Орозайым Нарматова эмне себептен суракка чакырылганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Коомчулукта жана социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылган фактысы кызуу талкууланууда. Анын эмне себептен чакырылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети түшүндүрдү.

"УКМКга парламенттик шайлоо учурунда Нарматова 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсуна дароо эле орто кесиптик билими тууралуу дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алынгандыгы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматова аталган окуу жайга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген болушу мүмкүндүгү тууралуу да маалымат түшкөн", - деп билдирди УКМК.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарматованын окуу жайдын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экенин тастыктаган эч кандай документтер жок экени аныкталды, бул анын окууга кабыл алынышы жана жогорку билими тууралуу диплом алганы мыйзамсыз экенин көрсөтүп турат.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жеке сессияларда жана тиешелүү экзамендерди тапшырып жаткан мезгилде Нарматова бул жакта эмес Россия Федерациясында жүргөнү аныкталган. Демек, бул ЖАМУнун жооптуу адамдары дипломду мыйзамсыз бергенин далилдейт

Буга байланыштуу О.Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу фактыларына акыркы юридикалык баа берилет жана жогорку окуу жайынын дипломун берүү жөнүндө чечим кабыл алынат",-деп түшүндүрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5163