Адахан Мадумаров чуулгандуу протокол боюнча бийликтин жашыруун максатын айтып берди
RU

Адахан Мадумаров чуулгандуу протокол боюнча бийликтин жашыруун максатын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 19-январда, депутат Адахан Мадумаров, "Азаттык" программасынын эфиринде 2009-жылдагы Тажикстан менен түзүлгөн протокол боюнча комментарий берди.

Депутаттын айтымында, бийлик протоколду колдонуп, аны алсыратууга аракет кылып жатат.

"Алар (бийлик) түшүндүрбөйт. Бирок мен сөздүн төркүнү эмнеде экенин түшүнүп турам. Бул проколго туптуура 13 жыл болот. Ошондой протоколдорду министр, губернаторлор бир жылда ондоп-жүздөп кол коюп чыгышат. Ошондуктан ал протокол. Болгондо да жумушчу протокол. Бирок, эми элге КТР аркылуу, бакма журналисттер аркылуу элдин кулагына куя берген болсок, эл көнуп калат деп ойлоп жатышат. Алар өздөру да түшүнбөйт, кээ бир суроолорун бергендерине караганда таптакыр түшүнүгү жок экенинен кабар берет. Парламентте жападан-жалгыз элдин таламын талашкан, оппозициялык маанайдагы фракцияны алсыратабыз деп ойлошот. Максаты ушул эле. Башкасы жок.

Күндө соңку суроо дей беришет, анысы улана берет. Себеби кечинде алар кеңешет да. Кечинде талкуулашат. Эртең кандай стратегия, кандай жол менен барабыз, деп", - дейт Адахан Мадумаров.

Саясатчы, бул протоколду тажик тарап эч качан бетке такай албайт, эгер алар такап жаткан болсо, бул кыргыз бийлигинин сабатсыздыгы жана алсыздыгы, деп баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5229