"Өзүбүз шылтоо бердик". Феликс Кулов Мадумаровдун жоопкерчилиги жөнүндө
RU

"Өзүбүз шылтоо бердик". Феликс Кулов Мадумаровдун жоопкерчилиги жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы жерлерди өткөрүп берүү боюнча кылмыш ишин иликтөө кайра жандандырылды. Жоопкерчиликке Адахан Мадумаров тартылышы мүмкүн. Анын катыштыгы тууралуу бул жерден кененирээк окусаңар болот.

Саясатчы Феликс Кулов Тажикстан менен чектеш жерлер жана Мадумаровдун жоопкерчилиги тууралуу жеке пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.

2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолу салынып жаткан учурда көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган, талаш жер тилкесинин 275 метр жерди 49 жылга арендага алуу чечими кабыл алынган. Протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров тажик тараптан кесиптеши колдорун коюшкан.

Эми, ошол документке шылтап, тажик тарап ал жер тилкени өздүк деп эсептеп, кыргыз тарап ижарага алгандыктан колдонуп жатат дейт. Президент Садыр Жапаров Тажик Республикасынын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда Адахан Мадумаровдун кол коюу укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, биздин тарап аны тааныбайт, деп билдирип, Төрт-Көчө аймагы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну талап кылды. "Анткени, эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес", - деп айткан.

Куловдун айтымында, президенттики туура: жер тилкелерин өткөрүп берүү протокол менен чечилбейт, бул маселе Коопсуздук кеңешинин катчысынын ыйгарым укугуна кирбейт.

Андан тышкары, 2009-жылдын 3-майында кабыл алынган протоколдо төмөнкүлөр айтылат:

"Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын президенттеринин 2008-жылдын 16-майында, Худжант шаарындагы бирдиктүү билдирүүсүнүн 5 пунктун аткаруу үчүн тажик тарап БЕКИТИЛГЕН (?!) ТАРТИПТЕ (?!) маселени ЧЕЧСИН (төмөнкү сөздөрдү Феликс Кулов белгилеген. Kaktus.kg эск.):

- символикалык акы үчүн Исфана дарыясын бойлогон жолдун бөлүгүндөгү 272 м жерди кыргыз тарапка 49 жылга берүү тууралуу".

Коопсуздук кеңештеринин катчылары кол койгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн протоколго ылайык, БЕКИТИЛГЕН тартипте тиешелүү процедуралар жүргүзүлүп, документтер кабыл алынган.

БЕКИТИЛГЕН тартип дегени эмне?

Куловдун пикири боюнча, Садыр Жапаров жеткиликтүү айтты: "эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт".

"Ошондуктан, эки мамлекеттин мыйзамдарына жана эл аралык укуктагы нормаларга ылайык, бул Протоколдун эч кандай юридикалык күчү жок. Бул буюртма бере турган протокол, тиги же бул тапшырмаларды аткаруу керек, деген. Чек араны аныктап, укукту бектиүүчү документ эмес.

Тажикстандын өкмөтүндө сабаттуу юристтер бар деп ишенем. Алар өз жетекчилигине бул кырдаалда түшүнбөстүктөр болуп калганын жана протоколду олуттуу документ катары кабыл алуу мүмкүн эместигин жеткиришсе керек", - деп Кулов белгиледи.

Биз үчүн жагымсыз жагдайы, ижарага алабыз деген сөз менен тажик тарапка илинчек бергенибизде. Алардын логикасы түшүнүктүү: ижарага берип жатсаң, демек, ээси сенсиң.

Дагы көңүл бурчу учуру: жердин ээси болуу үчүн экинчи тараптын макулдугун алып, аны тиешелүү тартипте, тиешелүу документтер менен бекитишиң керек. Мындай документ тажик тарапта жок, болгон эмес, болушу мүмкүн да эмес. Бир гана протокол бар, анда "бекитилген тартипте чечилсин" деп гана жазылган.

Ал эми Адахан Мадумаровдун жоопкерчилиги боюнча айта турган болсом: кылмыш жоопкерчилиги жок, бирок саясий жоопкерчиликти айтпаса да көрүнуп турат. Себеби, коңшуларыбызга талаш жер тилкесин өзүнүкү деп эсептөөгө негиз болуп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5216