Бомба коюлган деген маалыматтан кийин Red Center соода борборунда эл эвакуацияланууда
RU

Бомба коюлган деген маалыматтан кийин Red Center соода борборунда эл эвакуацияланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңиш аянтына жакын жайгашкан Red Center соода борбору толугу менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Соода борборунун кызматкерлери, сатуучулары жана кардарлары имаратка бомба коюлган деген маалыматтан кийин эвакуацияланганы белгилүү болгон.

"Бутиктердин бирине бомба ыргытылды деген маалымат келип түшкөн. Келгендер эвакуацияланууда. Учурда саперлорду күтүп жатабыз", - деди укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири окуяга күбө болгондорго.

Эвакуация саат 19:00 чамасында башталып, саат 19:30да саперлор келе элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5391