ЦУМдагы бомба тууралуу жалган маалымат. Сот айыпталуучуга кандай жаза колдонууну чечти
RU

ЦУМдагы бомба тууралуу жалган маалымат. Сот айыпталуучуга кандай жаза колдонууну чечти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Свердлов райондук соту күйөөсү менен урушуп, ЦУМда бомба коюлганын айткан аял боюнча өкүм чыгарды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-августунда "Айчүрөк" соода борборунда бомба коюлуп, арткы бөлмөлөрдүн биринде элдер барымтадага алынып жатканы кабарланган. Укук коргоо органдары бардык зыяратчыларды жана кызматкерлерди эвакуациялап, кийинчерээк бомба жана барымтадагылар тууралуу маалымат жалган экени белгилүү болгон.

Соттун аныктамасында 9-августта Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну анын мурдагы күйөөсү М.Ш иштеген "ГУМ Чынар" соода борборуна келип, каржылык абалы оор болгондуктан акча сурагысы келген. Сүйлөшүү учурунда экөө уруша кетишкенде аял өч алууну чечкен. Бул үчүн, ал жаңы SIM-карта сатып алып, каттоодон өткөрбөй, телефонго орнотуп алган. Анан УКМКга телефон чалып, ЦУМга бомба коюлуп, барымтага алынып жатканын айткан. Андан соң соттолуучу телефонду сындырып, таштанды челекке ыргытып жиберген.

Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери келип, жарандарды эвакуациялап, маалымат жалган экенин аныкташкан. Айыпталуучу ошол эле күнү кармалып, СИЗО-1ге киргизилип, бирок кийинчерээк камактан бошотулган.

Сотто ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Аял "шок абалында" экенин, анын кесепети тууралуу ойлонбогондугун айткан. Ал ЦУМ жабылып, мурунку күйөсү иштебей калат деп үмүттөнгөн. Айыпталуучу кылган ишине өкүнүп, ага адамгерчиликтүү мамиле жасап, жеңил жаза берүүнү суранган. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Террордук акт жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 220 миң сом айыпка жыгылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4396