Asia Mall соода борборунда эл бомба коюлган делип эвакуацияланды (видео)
RU

Asia Mall соода борборунда эл бомба коюлган делип эвакуацияланды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги соода борбордон эл эвакуацияланууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окурман билдирди.

"Соода борборуна бомба коюлган деген имиш айтылды", - деп кошумчалады окурман.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн Kaktus.media сайтына билдиришкендей, саат 15:31 чамасында Asia Mall соода борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн.

Азыр имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишти. Тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат.

"Кылмыш болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги жөнөп кетишти", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5243