"Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетүү коркунучу бар" Садыр Шер-Нияз ЮНЕСКОну сындады
RU

"Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетүү коркунучу бар" Садыр Шер-Нияз ЮНЕСКОну сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-мартта Парижде ЮНЕСКОнун кезексиз сессиясы өтүп, анда Украинадагы кырдаал боюнча кайрылуунун тексти каралды.

Кыргызстандан өкүл болуп катышкан Садыр Шер-Нияз башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ЮНЕСКОнун аянты аркылуу кайрылып, Украиндагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

"Кыргыз Республикасы Украинадагы окуялардын жүрүшүнө көз салып, терең тынчсыздануу менен кабылдап жатат. Жаралган кырдаалды тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жөнгө салуу керек экенине бекем ишенебиз. Кыргыз Республикасы бардык тараптарды акыл калчап, оор басырыктуу болуп конфликтин андан аркы эскалациясына жол бербөөгө чакырат. Конфликти көзөмөлдөөнүн жана жөнгө салуунун жаңы форматтарын жана механизмдерин иштеп чыгуу аркылуу мындан аркы курмандыктарды жана талкаланууларды алдын алабыз деп ишенебиз", - деди ал.

Андан кийин Кыргызстандын өкүлү өзүнүн атынан сүйлөдү. Ал кесиптештерин билдирүүнүн текстин дипломатиялыкты эске алып, сабырдуулук менен мамиле кылууга үндөдү. Анткени бул конфликттин андан ары жайылып кетүүсүнө себепкер болгон курал болуп калышы мүмкүн. Ал ЮНЕСКОнун максаты - маданиятты, илимди жана билимди өнүктүрүү экенин баса белгиледи.

"Кабыл алынып жаткан чечимдер биринчи кезекте тынчтыктын орношуна жардам берүүгө тийиш, бирок текстти карап көрөлү. Ал ашыкча эмоционалдуу, талапты катуу койгон жана ультимативдүү. Мен Германия менен Франция президенттеринин аракеттерин кызуу колдойм. Алар сүйлөшүүлөр аркылуу өлкөлөрдө болуп жаткан конфликтти жоюга аракет кылып жатышат. Айрымдары Путин мырза менен жумасына үч жолудан сүйлөшүп турушат. Кандай ойлойсуңар, Макрон мырза же Шольц мырза Путин менен сүйлөшкөндө "агрессия", "дароо токтотууну талап кылабыз" деген сөздөрдү колдонушабы? Менин оюм боюнча жок. Менимче, алар дипломатиялык менен, сабырдуулук менен мамиле жасашат. Себеби дүйнөдөгү тынчтык коркунучта экенин жакшы түшүнүп турушат. Тагыраак айтканда, дүйнө жүзү үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда турат. Урматту кесиптештер, бул чындык, биз аны моюнга алышыбыз керек. Чыгарылып жаткан чечимдер кызыл кандуулукка алдырбастан сабырдуулук менен кабыл алынууга тийиш", - деди Садык Шер-Нияз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5997