АКШнин сенаты Путинди аскер кылмышкери деп атады. Украинадагы кырдаал
RU

АКШнин сенаты Путинди аскер кылмышкери деп атады. Украинадагы кырдаал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Би-би-синин орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар 15-16-мартка карата Украинадагы кырдаал жана анын фонунда дүйнөдө эмне болуп жатканын айтып беришти.

  • АКШнин сенаты бир добуш менен Россиянын президенти Владимир Путинди аскер кылмышкери деп тааныган резолюцияны кабыл алды.
  • Байден дагы миллиард доллар өлчөмүндө Украинага жардам көрсөтүлө турганын жар салат.
  • Украинанын генштабы берген маалыматка ылайык, Россия кол салган аскеринин 40%ын жоготту.
  • БУУ: согуш башталгандан бери 691 жөнөкөй жаран каза болду, 1143 киши жарадар болду. Бул тастыкталган учурлар гана. БУУнун пикири боюнча реалдуу цифралар алда кайда жогору.
  • Тигран Худавердян Евробиримдик жарыялаган санкциялардан кийин "Яндекс" компаниясынын жетекчилигинен кетти.
  • Фармгигант Eli Lilly Россияга дары-дармек жеткирүүдө чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.
  • Киевге Польша, Чехия жана Словениянын премьерлери келди. Алар Зеленский менен жолугушкан.
  • Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын төртүнчү бөлүгүн баштады. РФке кымбат баалуу буюмдарды, кийим-кечекти, спирт ичимдиктерин, автомобилдерди экспорттоого тыюу салынды. Роман Абрамович, Константин Эрнст, Сулейман Керимовдор дагы санкцияга кабылышты.
  • АКШ Украинага жардам катары 13,6 миллиард доллар бөлүп берет.
  • Италиянын Пиза шаарындагы аэропорттун кызматкерлери гуманитардык жардам катары Украинага жөнөтүлүп жаткан курал жарак жана боеприпастарды учактарга жүктөөдөн баш тартышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5994