Бейшеналиев кеңешчиси Мээрим менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди. Сүрөттөр
RU

Бейшеналиев кеңешчиси Мээрим менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-майда социалдык тармактарда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен өткөн аптада пара алып жаткан жеринен кармалган Мээрим аттуу кеңешчиси менен махабат мамилеси бар деген маалымат тараган.

Кошумчалай кетсек, социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиев менен бир кыздын тоодо жана бассейнде түшкөн сүрөттөрү тараган (Анда Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси деп айтылат).

"Кеңешчиге келсек, мунун баары калп экенин айткым келет. Эгер ал менен кандайдыр мамилем болсо, ата-энеси реакция кылышмак да. Мен аларга конокко барып турам. Анын эки баласы бар, жакында бир дарыгерге турмушка чыгат. Келечектеги жолдошу мага чалып, бул ушактар үчүн күлдү", - деди Бейшеналиев.

Министр кыздын ата-энеси да ага телефон чалганын, бул анын айланасындагы кара пиар экенин түшүнүп, көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6712