Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнүштү
RU

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматкерлерин коркуткан. Бул тууралуу мекеменин кызматкерлери маалымат жыйынында билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары өлкө жетекчилигине кайрылып, Бейшеналиевге чара көрүп, кызматтан алууну суранышууда.

"Өзүңүздөр билесиздер, биздин башкармалык боюнча көптөгөн жаман маалыматтар тарап жатат. Өлкөбүздүн жетекчилери - Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровго кайрылам. Министрликте эмне болуп жатканын өзүңүздөр билесиздер, Алымкадыр Бейшеналиев баарын шылдыңдады, ага аппарат чыдады. Мамлекеттик кызматкер мындай болбошу керек. Нааразы болгондор көп, аны өздөрү да айтат. Министрдин кылык-жоругу бизди тынчсыздандырып жатат, ага жооп берсе коркутат. Уйүңөргө жетпей каласыңар дейт", - деди министрдин орун басары Жапаркул Ташиев.

Эске салсак, министр өзү учурда Германияда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6711