Бейтааныш аял 12 жаштагы кыз менен интернеттен сүйлөшүп Сокулуктан Ошко алып кетип калган
RU

Бейтааныш аял 12 жаштагы кыз менен интернеттен сүйлөшүп Сокулуктан Ошко алып кетип калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда 12 жаштагы кызды ала качкан деген шек менен жаш келин кармалды. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Милициянын маалыматына караганда, 18-майда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1975-жылы туулган К.Р. кайрылган. Ал 2010-жылы туулган кызы Р.У. саат 11:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес деп билдирген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, Р.У ошол күнү классташы деп тааныштырган, болжол менен өз курактагы белгисиз кыз менен үйүнө келип, мектептеги ремонтко деп ата-энесинен 500 сом алып, дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк дайынсыз жоголгон кыз туугандарына телефон чалып, Ош облусунда экенин айткан.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери Ош облусуна барышып, жоголгон кызды 35 жаштагы аялдын үйүнөн табышкан.

"Кызматкерлер кызыктай жагдай болгонун аныкташкан. Көрсөтүлгөн аял ал кызга эч кандай катыштыгы жок. Кыз менен телефон аркылуу таанышып, 18-майда алдамчылык жолу менен алып кеткен", - деп белгилейт РИИБ.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары кармалган аялга учурда тергөө иштери уланууда.

Азыр окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу окуяларга катыштыгы текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6833