Бул аялдар көптөгөн кишилерди алдап кеткен деп шектелүүдө. Жашоосу жыргал го
RU

Бул аялдар көптөгөн кишилерди алдап кеткен деп шектелүүдө. Жашоосу жыргал го

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакцясына белгисиз адамдар төмөндөгү эки аялдын сүрөтүн салып жөнөтүшкөн. Алар азыркы тапта Бишкектин СИЗО-1де отурушат.

Алардын айтымында, сүрөттө көрсөтүлгөн аялдар Ы.К. жана Д.Б.

Ы.К. жер тилкелерине байланыштуу 18 эпизоддо алдамчылык иштерин жүргүзгөн деген шектөө менен Ысык-Ата ИИБсинде тергөөгө алынган. Ал $100 миңге зыян келтирди деп шектелүүдө.

Д.Б. да жер тилкелерине байланышту алдамчылык кылган деп айыпталууда. Анын камакта отурганына эки жыл болду. Ага карата Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир нече райондорунда кылмыш иштери козголгон.

Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, Ы.К. жана Д.Б. жакындан тааныш. Арткы фондо уюлдук телефон, телевизор жана башка тиричилик буюмдарын көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аялдар СИЗОдо отуруп алып деле жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну улантууда. Андан тышкары, арыз жазуучулар менен байланышып, дооматынан баш тартууну талап кылышат. Ошол эле маалда, канчалык жай-баракат турмушта жашап жатканын көрсөтүп, жабыркагандар эч качан акчаларын кайтара албай тургандыгын айтышат экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5943