Ысык-Көлдө 2 адамдын өмүрүн алган кырсык: Жабыркагандардын аты-жөнү белгилүү болду
RU

Ысык-Көлдө 2 адамдын өмүрүн алган кырсык: Жабыркагандардын аты-жөнү белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, дагы 14 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун бири 7 жашта, экинчиси 69 жашта болгон.

Маалым болгондой, автокырсык 4-июлда саат 19:30 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунун 27-чакырымында ​орун алып, анда Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелери унаадан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилди.

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан каза болгондордун жана жабыркаган 7 адамдын аты-жөнү такталганын маалымдашты.

Каза болгондор: 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953-жылы туулган Ж.А. (аял).

Жабыркагандар:

2004-жылы туулган М.А. (айдоочу); 1979-жылы туулган М.Д., 2009-жылы туулган М.А., 2004-жылы туулган М.И., 1978-жылы туулган Э.Ж. (айдоочу), 1991-жылы туулган А.Э. (Ош шаарынын тургуну), 1987-жылы туулган Э.К. (Ош шаарынын тургуну). Бейтаптар Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7385