Ысык-Көлдө 46 жаштагы малчы таяк менен башка чаап өлтүрүлгөн
RU

Ысык-Көлдө 46 жаштагы малчы таяк менен башка чаап өлтүрүлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө малчысын өлтүрүүгө шектелип кашардын ээси колго түшүрүлдү. Кармалган жаран малчы бөөдө кырсыктан каза болгонун көрсөтүүгө аракет кылган дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.

Окуя 6-июлга караган түнү болгон. Анда Лесное айылынын 51 жаштагы М.М. аттуу тургуну 46 жаштагы айылдашы Э.К`нын жансыз денесин облустук ооруканага жеткирген. Ал айылдашы тоо суусуна агып, каза болгондугун билдирип, белгисиз тарапка кетип калган.

Ооруканага барган ыкчам тергөө тобу каза болгон адамдын денесине сырттан кароо жүргүзүп, анын башында жана колдорунда көптөгөн жаракаттар бар экенин аныкташкан. Жарааттар маркумдун бөөдө кырсыктан каза болгондугу боюнча шектенүүнү жараткандыктан үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери каза болгон жаранды ооруканага алып келген адамдын жашаган жерине барышкан. Бирок ал үйүндө жок болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында М.М. Каракол шаарынан табылган.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, каза болгон Э.К. үй-бүлөсү жок болгондуктан акыркы 5 жылдан бери "Алтын-Арашан" жайлоосунда жайгашкан кашарда жашап, мал багып жүргөн. 5-июль күнү кечинде М.М. кашарына келсе малчысы жок болгондуктан аны издегенин, кашардан 30 метр алыстыкта жайгашкан көпүрөнүн жанындагы суудан таап алганын, малчы көпүрөдөн сууга кулап кеткендигин билдирген. Жабырлануучунун абалы оор экенин көрүп, аны унаасы менен ооруканага жеткирүүгө аракет кылганын бирок ал жолдон каза болгон деген. Ошондой эле мал кароосуз калгандыктан өзү кайрадан жайлоого кеткенин билдирген.

Кармалган жарандын кашарын тинтүү учурунда кандын издери бар сынган таяк менен малчынын төшөнчүсү табылып, далил зат катары алынган. Кийинчерээк М.М. малчынын өлүмү боюнча күнөөсүн моюнга алды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, пикир келишпестиктен улам кашардын ээси малчысын таяк менен бир нече жолу башка ургандыгын жана анын абалы оор болгондон улам ооруканага жеткиргендиги аныкталды.

Бул факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары уланып жатканын билдиришти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7426