Нарында жергиликтүү тургундун огунан 6 адам жаракат алып ооруканага түштү. Окуянын себеби
RU

Нарында жергиликтүү тургундун огунан 6 адам жаракат алып ооруканага түштү. Окуянын себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында 6 адам октон жаракат алып, ооурканага түштү. Бул тууралуу Kaktus.kg`ге облустук милициядан билдиришип, жаңжал жергиликтүү тургундар ортосундагы жер талаштан чыкканын белгилешти.

Окуя Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында 7-июль күнү орун алган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып буларды аныкташкан.

К.Б. аттуу жашоочунун үйүнө айылдын болжол менен 30-40 тургуну келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, токтоп турган Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаасын өрттөшкөн. Бул учурда үй ээси сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элге карай ок чыгарган.

Натыйжада 6 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Үчөөнүн абалы оор болгондуктан медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалып, калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жаңжалдын себеби - буга чейин жергиликтүү жашоочулар жер талашып урушуп, эки тарап бири-бирин күнөөлөп арыз жазышып башташкан. 7-июль күнү айылдагы жаш муундун өкүлдөрү К.Б`нын үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып, аягы ок атышуу менен бүткөн.

Учурда окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана анын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Алынган заттарга жана жаракат алгандарга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7442