Жалал-Абадда курбусу сабагандан кийин каза болгону айтылган кыз билдирүү жасады (видео)
RU

Жалал-Абадда курбусу сабагандан кийин каза болгону айтылган кыз билдирүү жасады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда курбусу тарабынан сабалып кийин каза болгону айтылган кыз кайрылуу жасады. Анын видеосун обулстук ички иштер башкармалыгы таратты.

Өзүн Мадина деп тааныштырган кыз окуя бир ай мурда болгонун, курбусун акыркы жолу мыдан 4 күн мурда көргөнүн айтат.

"Инстаграм баракчаларда мени өлүп калды деген билдирүүлөр тарап жатыптыр. Жок, андай эмес. Жакшы эле жүрөм", - дейт өспүрүм кыз.

Эске салсак, буга чейин мэриянын жанындагы борбордук көчөдө бир кыз курбусунун чачынан кармап жерге сүйрөгөн видео интернетте тараган. Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы окуя 7-июнда болгонун, видеодогу кыздар курбулар экенин билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7439