13 жаштагы майып кызды зордуктап жүрүшкөн айылдаштарына сот өкүм чыгарды
RU

13 жаштагы майып кызды зордуктап жүрүшкөн айылдаштарына сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта майыптыгы бар 13 жаштагы секелекти топ болуп зордуктоого шектелген эки киши күнөөлүү деп табылды. Бишкек шаардык соту 7 жылдан ашык убакытка созулган ишке чекит койду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жактоочу Чолпон Кудайбердиева билдирди.

Айтымында, күнөөлүүлөр моралдык чыгым катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бул кылмышка жалпысынан 6 адам катышкан. Бирок шектүүлөрдүн төртөө кылмыш учурунда 14 жашка чыга элек болчу. Ал эми экөө 16 жашта болуп, күнөөлүү деп табылды.

Жактоочу суроого жооп берип жатып соттун өкүмүнө даттанбай турганын белгиледи.

Окуя тууралуу: 13 жаштагы майып кызды эки жыл бою алты айылдашы зордуктап жүрүшкөн. 2015-жылдын май айында секелек кыздын эки кошунасына кылмыш иши козголгон. Зордуктоого катыштыгы бар делинген балдар кылмыш жоопкерчилигине тартыла элек куракта болушкан. Кылмыш иши сотко 2015-жылдын 28-сентябрында келип түшкөн. Сот отуруму созулуп келген. Мындан тышкары прокурор сотко күбөлөрдүн келишин камсыздаган эмес. Жыйынтыгында иш кошумча тергөөгө кайтарылган. Акыры 2022-жылы Бишкек шаардык сотунда эки айыпталуучу күнөөлүү деп табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7519