Милиция Араванда кызына ыплас аракеттерди жасаган атанын иши эмнеге жабылганын айтты
RU

Милиция Араванда кызына ыплас аракеттерди жасаган атанын иши эмнеге жабылганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районунда 6 жаштагы кыз 63 жаштагы атасы тарабынан кордолуп бирок иш токтотулганы кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгынан кызды зордуктады деген кылмыш иши тергөө учурунда чындык катары өз далилин таппаганын кабарлашты.

Кыздын апасы 2021-жылдын 16-декабрь күнү милицияга кайрылып, 63 жаштагы күйөөсү кызына ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирген. Арыз каттоого алынган.

Сурак учурунда арыз ээси 2021-жылдын 3-декабрь жана 14-декабрь күндөрү үйүнө кирерде эшиги жабык болгонун, эшикти каккылаганда күйөөсү эшикти ачып жатып шымданып жатканын кѳргѳнүн айткан. Ошондой эле кызынын кийип жүргөн кийимдерин алмаштырып жатып буттарында кѳгѳргѳн жерлерин кѳргѳнүн билдирген.

Окуя тууралуу кыз социалдык кызматкерлердин, апасынын катышуусунда суралып, ал апасы жок учурда атасы бутунан жана жамбашынан кармаганын айтып берген.

Шектелип жаткан ата суракта өзүнүн кызына эч кандай жаман аракеттерди жасабаганын айткан. Ал аялы ушундай жол менен алар жашап жаткан үйдү жана дүкөндү өзүнө ѳткѳрүп алууну көздөп жатканын айткан.

Дайындалган соттук-медициналык экспертиза кыздын денесинде сыйрылган, чийилген, көгөргөн тактар, жарааттар жок экендиги жана кыздык белгиси калыбында деген жыйынтык чыгарган. Шектелип жаткан атага соттук-психиатриалык экспертиза дайындалганда андан психикалык оорунун белгилери табылган эмес.

Башкармалыктан белгилешкендей, кыздын эмоционалдык реакциясында жана жүрүм-турумунда, иштин жагдайы боюнча биринчи көрсөтмөсүндө окуянын чындыгына жана ишенимдүүлүгүнө шектенүү жарата турган ачык карама-каршылыктар болгон.

Кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Андан соң Араван районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылып, материалдар кошумча текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Кайра текшерүүдөн кийин кайрадан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган. Дагы бир текшерүүдө кылмыш фактысы аныкталган жок, кылмыш ишин козгоого далилдер жетишсиз болгон.

"2022-жылдын 15-майында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, баш тартуунун материалдары көзөмөл тартибинде иликтенип, чечимдин мыйзамдуулугу боюнча акт түзүлдү", - дешет Ош ОИИБден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7512