Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, сабалган. Аны сабоого шектелип аял киши кармалды
RU

Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, сабалган. Аны сабоого шектелип аял киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Токмок шаарында 16 жаштагы кыз зордукталып, сабалган деген окуя текшерилүүдө. Аны сабоо аракеттери боюнча кылмышка шектүү (аял) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришип, жабыркаган тараптын милиция ишти карабай жатат дегени чындыкка дал келбейт дешет.

Окуя ушул жылдын май айында болгон. Анда 53 жаштагы жергиликтүү тургун милицияга кайрылып, эки башка арыз жазган. Биринчисинде жашы жете элек кызын 11-майда тааныш жигити зордуктаганы, экинчи арызында белгисиз аял кызынын денесине залал келтирген деп жазылган. Арыз каттоого алынып, текшерүү башталган.

Зордуктоо фактысы боюнча тергөөгө чейинки иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды суракка алып, ал жигит менен 2020-жылдан бери тааныш экенин айткан. 2022-жылдын 11-майында жигит чет өлкөдөн кайтып келерин, аны аэропорттон тосуп алууну суранган. Экөө ошол күнү жолугуп Чүй районундагы мейманканалардын бирине барышкан. Ал жактан жигит кызга ичимдик сунуштап, физикалык күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Өспүрүм окуя тууралуу эч кимге айтпаганын кошумчалаган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө зордуктады делинген жигит 2001-жылы туулган Ю.И.экени аныкталган. Ал жабырлануучуга карата эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөгөнүн белгилеген.

Кыздын ден соолугуна залал келтирүү боюнча дайындалган экспертизанын корутундусу алынып, факты 155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча каттоого алынган.

16-июлда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү (сабоого) делинип 1993-жылы туулган Ч.Р. (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул факты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7562