5 жашар кызга чаламандын чак түшүндө сексуалдык ыдык көрсөтүлдү. Шектүү табылды
RU

5 жашар кызга чаламандын чак түшүндө сексуалдык ыдык көрсөтүлдү. Шектүү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды. Обулстук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg`ге билдиришкендей, кыздын апасы бүгүн, 14-июлда арыз менен кайрылды.

Арыздануучу Ала-Бука районунун 32 жаштагы тургуну. Ал 13-июлда саат 16:00 чамасында 5 жаштагы кызын 35-40 жаштардагы белгисиз жаран үйүнүн жанындагы дүкөнгө алып кирип, балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип барып ыплас аракеттерди жасаганын билдирди.

Арыз 158-берене (Ыплас аракеттер) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголуду. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. кармалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашат мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7529