Биринчи май райондук соттун алдында Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат
RU

Биринчи май райондук соттун алдында Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Бүгүн, 20-февралда Биринчи май райондук сот бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовко карата жаза чарасын караштырыш керек.

Белгилей кетсек, мурунку аткаминерге санкцияны кечээ эле чыгыш керек болчу, бирок процессти бүгүнкүгө жылдырышкан.

Матраимовду сотко алып келише элек, бирок соттун алдында анын тарапташтары митинг өткөрүүдө. Кечеки күндөй эле алардын саны көп эмес.

Эске салсак, 2020-жылдын 20 октябрда УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом зыян келтирген.

Матраимов өз убагында тергөө менен келишимге келип, келтирген зыянды толук төлөп берүүнү убада кылган. Бул сөз менен Матраимов паракорчулук кылып, мамлекетке зыян алып келгенин мойнуна алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/746