Жээнбековдун адвокаты: Дүйшөнбек Зилалиев ишти саясий өңүткө бурууга аракет кылууда
RU

Жээнбековдун адвокаты: Дүйшөнбек Зилалиев ишти саясий өңүткө бурууга аракет кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Жыргал Бабаев Kaktus.media'га берген комментарийинде, акыркы кезде Дүйшөнбек Зилалиевдин тарапташтары социалдык баракчаларда Жээнбековду каралоо аракеттери байкалып жатат, деп билдирди.

Ал бул маселе боюнча жеке позициясын баса белгиледи.

"Сооронбай Жээнбековдун бул ишке эч кандай тиешеси жок, ошондуктан Зилалиевдин иши боюнча фигурант катары да, күбө катары да өтпөйт. Кылмыш иште экс-президенттин аталган ишке тиешеси туурасында бир да сөз айтылган эмес. Зилалиев өзүнүн кылмыш ишине саясий боек берүү аракетин көрүп жатат", - деп Бабаев жооп берди.

Банктагы акча Жээнбековдун шайлоо кампаниясына багытталган, деген сөзү менен Зилалиев аны каралоого умтулуп жатат.

Бабаевдин айтымында, Зилалиев банк кызматы менен Жээнбеков президент болгонго чейин эле колдонгон. Ал эми ячейкадан акча алуу мыйзам чегинде ишке ашкан.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. Анын үйүнө тинтүу жүргүзүлгөн маалда, УКМКнын кызматкерлери бир нече миллион сом, $100 миң, баалуу буюмдар жана Бишкектеги кыймылсыз мүлктүн документтери табылган. Зилалиевдин адвокатынын билдирүүсү боюнча, булардын бардыгы мал сатуудан түшкөн акчага сатып алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/582