No27 колониядагы жоокер өзүн өзү атып алды
RU

No27 колониядагы жоокер өзүн өзү атып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Колонияны кайтарып жүргөн аскер кызматкери өз жанын кыйган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 29-июлда, саат 08:30да Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы No27 колониянын кароолчусу кызмат учурунда өзүн атып алган. Ал алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Окуя болгон жерде Аскердик прокуратуранын кызматкерлери иш алып барышууда, алар окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7679