Молдовановкада 18 жаштагы жоокер каза болду
RU

Молдовановкада 18 жаштагы жоокер каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер каза болду. Бул тууралуу маркумдун агасы тарабынан маалым болду.

Айтымында, иниси белгисиз себептерден улам бүгүн, 29-июлда эртең менен каза болду.

"Эмне болгонун билбейбиз, үйгө кагаз келдим. Азыр Молдовановкага бара жатам. Ата-энем да жолдо. Иним аскердик кызматка май айында чакыртылган, 2 эле ай болгон...", - деди ал.

Азырынча Коргоо министрлги окуя тууралуу маалымат бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7676