18 жаштагы жоокердин өлүмү: Чогуу кызмат өтөгөндөр суицидге барбай турган жигит дешет
RU

18 жаштагы жоокердин өлүмү: Чогуу кызмат өтөгөндөр суицидге барбай турган жигит дешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институту №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө каза болгон жоокер Калыс Абдыкабыловдун өлүмү боюнча ишти көзөмөлгө алды. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Белгилүү болгондой, акыйкатчынын өкүлү окуя болгон жерге барды. Ал жерде взводдун команда башчысы, батальондун жана Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы күзөт департаментинин психологу, кароолдун башчысы, окуя болгон түнү маркум Калыс Абдыкабылов менен нөөмөттө турган жоокерлер жана башка бардык жоокерлер менен сүйлөшүү болду. Ошондой эле жоокер көз жумган мунарага чыгышты.

Чогуу кызмат өтөгөндөрдүн айтымында, Калыс Абдыкалыков өз кызматын мыкты аткарган, мүнөзү жакшы жоокер болгон. Ал күнү жанында эч ким болбогондуктан, эч ким эч нерсе айта алган жок. Бирок баары бир ооздон суицидге барбай турган жигит экенин баса белгилешти. Анын карточкасында да бардык талаптарды нормадан жогору аткаргандыгы жазылган.

Ушул тапта Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө, соттук экспертиза жана баллистикалык экспертиза дайындалган.

Акыркы учурларда аскер кызматындагы жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова тарабынан мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган түзөтүү мекемесинде 29-июлда 18 жаштагы жоокер октон каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7728