Гүлназ Чыныбек кызы каза болгон жоокер тууралуу: Позитивдүү адам катары элес калтырган
RU

Гүлназ Чыныбек кызы каза болгон жоокер тууралуу: Позитивдүү адам катары элес калтырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында 18 жаштагы жоокер октон каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматынан жоокер өзүн-өзү атып алганын маалымдаган.

Аталган түзөтүү мекемесинде бир нече күн мурда ырчы Гүлназ Чыныбек кызы концерт койгон. Ошондо каза болгон жоокер бийлеп жүргөн. Бул кырсыктан кийин ырчы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, каза болгон жоокер позитивдүү адам катары эсинде калганын айтты.

"Түндө жагымсыз кабарды окуп алып жүрөгүм тилинди... Өмүрүмдө бир эле жолу көрсөм дагы көз алдымда аябай позитивдүү, жашоону сүйгөн инсан катары элес калтырды эле.

Мындан 15 күндөй мурда ушул Кайтаруу жана күзөтүү департаментинен чалышы "аскерлерибиздин духун көтөрүп, маанайын көтөрүү максатта келип чакан концерт коюп берип кете аласыздарбы" деп суранышкан. Убакыт аябай тыгыз болгонуна карабай аэропорттон түз барып ырдап кеткем. "Гонорар бере албасак да кабыл алыңыз" деп китеп белек кылышкан эле. Мен жоокерлердин маанайы бир аз болсо да көтөрүлүп калганына, бир чер жазып бийлеп алышканына кубанып кеткен элем...

Жоокер жигиттин жакындарына терең кайгыруу менен кайгыларын тең бөлүшөм", - деп жазды.

Жоокердин жакындары өзүн-өзү атып алды дегенге ишенишпейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7697