Ырчы Нурчолпон үчүнчү кызыл дипломун алды
RU

Ырчы Нурчолпон үчүнчү кызыл дипломун алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө үндүү ырчы Нурчолпон жогорку жайды кызыл диплом менен аяктады. Эми ал дипломдуу композитор болду.

Ырчы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын композиция бөлүмүндө билим алды.

Көптөн күткөн күн келди. Кыргыз улуттук консерваториянын композитор адистиги боюнча кызыл дипломун колго алдым. Аны мага мугалимим Муратбек Бегалиев тапшырды. Агайыма терең ыраазычылык билдирем.

Агайымдын "Силер бизге мыкты чыгармаларыңар менен ыраазычылык билдире аласыңар" дегенин аткарганга аракет кылам.

Белгилей кетсек, Нурчолпон буга чейин Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык училищеде билим окуган. Аталган окуу жайдан эки кесип боюнча билимге ээ болуп, 2 кызыл дипломду колуна алган. Ырчы мыкты студенттердин бири болуп, жыл сайын президенттик стипендия алып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7762