Ура эки алтын! Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев Ислам оюндарында чемпион болду
RU

Ура эки алтын! Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев Ислам оюндарында чемпион болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарында экинчи ирет жеңишке жетти.

Ал бүгүн, 11-августта 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти.

Айсулуу Казакстандын жана Сенегалдын спортчулары менен беттешкен. Финалда Гвинеянын өкүлү менен күрөшүп, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.

Ислам тилектештик оюндарында дагы бир кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды. Ал дагы бүгүн 70 килограммга чейинкилер арасында күч сынашты. Финалда 6:0 эсебинде ирандык балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7870