Россияда бир нече адамдын өмүрүн алган кырсык. Дагы 3 кыргыз жараны оор абалда
RU

Россияда бир нече адамдын өмүрүн алган кырсык. Дагы 3 кыргыз жараны оор абалда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 16 адам каза тапты. Андан тышкары үч адам ооруканага жаткырылды. Алар Кыргыз жарандары экенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын экөө эркек, бирөө аял киши - учурда алардын абалы оор деп бааланууда. Бейтаптарга зарыл болгон бардык медициналык жардам көрсөтүлдү.

Ал эми каза болгон 14 кыргыз жаранынын сөөгү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тиешелүү органдардан уруксат берилгенден кийин мекенге алынып келет. Учурда бул маселе каралууда", - дешет ведомстводон.

Андан тышкары каза болгондордун жакындары министрлик ачкан ыкчам номерлер аркылуу байланышка чыгып жатышканы маалым болду.

Эске салсак, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны экени кабарланды.

Кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн элчилик тарабынан +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду. Андан тышкары Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8013