14 кыргызстандыктын өмүрүн алган кырсык. Муфтий маркумдарга багыштап куран окууну тапшырды
RU

14 кыргызстандыктын өмүрүн алган кырсык. Муфтий маркумдарга багыштап куран окууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда каргашалуу кырсыктан каза болгон 14 кыргызстандыкка багышталып куран түшүрүлөт. Муфтий Замир кары Ракиев өлкөдөгү дин кызматкерлерине хатм куран (Куран китепти башынан аягына чейин окуу) окуу боюнча тапшырма берди. Окулган хатм курандын сообу маркумдарга багышталат дешет Муфтияттын маалымат кызматынан.

Ал эми муфтий Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Аттиң, кабыргам кайышып, эмне деп айтууну дагы билбей турам. Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Жараткан ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алды, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билем", - деди ал.

Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны экени кабарланды.

Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду. Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8007