Россияда жол кырсыктан 14 кыргызстандык каза болду (видео)
RU

Россияда жол кырсыктан 14 кыргызстандык каза болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы Ульяновск облусунун Николаевск районунда М-5 Урал унаа жолунда коркунучтуу жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалымат россиялык басылмаларда бир нече саат мурун пайда болду.

Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон 16 адамдын арасында Кыргызстандын 14 жараны бар. Жабырлануучулардын үчөө аман калып, алар ооруканага жаткырылган. Тышкы иштер министрлиги алардын жарандыгы такталып жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн барышып, Ульяновск облусунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүшкөн. Каза болгондордун жана ооруканага жаткырылгандардын улуту такталууда.

Элчилик каза болгон жана жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 926 861 50 98 ишеним телефонун түздү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да ишеним телефондору бар: +996 508 62 85 88, +996 551 31 20 00 (WhatsApp).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8005