"Дары салып коюшкан". 19 жаштагы кыз классташтары аны кантип зордуктаганын айтып берди
RU

"Дары салып коюшкан". 19 жаштагы кыз классташтары аны кантип зордуктаганын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19 жаштагы Каныкей (аты өзгөртүлдү) Kaktus.media сайтына кайрылып, классташтары анын суусундугуна дары салып, андан кийин алардын бири аны зордуктап салганын билдирди.

Кыздын айтымында, 8-август күнү ал жумуштан чыгып мурунку классташы менен Бишкектин жогорку зонасында жайгашкан Панораманын жанындагы дачага кетишкен.

"Бир классташыбыз жакын арада үйлөнөт экен. Ага чейин классташтарды чогултуп отуруш уюштурду. Кечеге 15 жигит, анын он бири классташ балдар жана беш кыз, экөө классташтарыбыздын аялдары барды" - деп түшүндүрдү Каныкей.

Ал кийинчерээк, түн ортосунда досу менен келген.

"Биз келгенде балдардын баары сыртта болчу. Алар менен учурашып, үйгө кирдик, ал жерде бир жигит баарына сыра куюп берди. Бир аз ичип, анан эки досум менен бассейнге бардым, калгандары бөлмөдө калышты", - деди жабырлануучу.

Анын айтымында бир аздан кийин дасторкон жайылып үйгө баары чогула баштаган.

"Классташым Нурдан бизге коньяк менен башка суусундук аралаштырып берди. Анан сыртка чыксак, бир нече классташтарым кийимим менен бассейнге ыргытып жиберишти. Абдан суук болчу. Үшүп баньяга кирип кеттим. Жарым сааттан кийин чыксам да үшүй бердим. Кийин үйгө кирип төшөккө жатып алдым", - дейт Каныкей.

Кыздын айтымында ал жаткан бөлмөгө Эмир жана Калыбек деген балдар кирип ага жылынуу үчүн бир стакан арак сунушташкан.

"Ичип эле дароо өзүмдү жаман сезип, башым айланып, бардыгы туман болуп калды. Ордумдан туруп, ванна бөлмөсүндөгү дааратканага кирдим. Анан эле баарын туман каптап, денем ооруп, кансырап, Калыбектин мени зордуктаганын бүдөмүк эстей баштадым", - дейт Каныкей.

Эртеси Ысык-Көлгө ата-энесине барып, болгон окуяны улуу эжесине айтып берген. Алар Каракол шаарындагы ооруканага барышып текшерилгенде зордуктоо болуп, кыздыгын жоготуп алганын айтышкан. Эртеси Аламүдүн РИИБине келип, Калыбекке жана башка балдарга каршы арыз жазышкан.

"Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө менде бир нече жаракалар бар экенин айтышып, тез арада ооруканага жаткырылдым", - деп түшүндүрдү жабырлануучу.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу арыз жазары менен Каныкейди ким зордуктаганын классташтары өздөрү аныктап, андан соң Калыбек баарын мойнуна алган.

"Милицияга кайрылгандан эки күндөн кийин дачада болгон балдардын бардыгы РИИБге жеткирилген. Калыбек мени менен жатканын мойнуна алып, бирок баары эки тараптуу болгонун айтты. Бирок, менин ичимдигиме бир нерсе кошуп коюшкан. Ошондон улам мен эс-учумду жоготуп, эч нерсени билбей калгам. Демек ал мени атайын зордуктады", - деп нааразы болгон жабырлануучу.

Каникейдин адвокаты шектүү 10 суткага гана СИЗОго камалганын, бирок ал каалаган учурда бошотулуп, тергөөдөн жашырынууга аракет кылышы мүмкүн экенин билдирди.

Жабырлануучунун эжесинин айтымында, аларды шектүүнүн жакындары коркутууда.

"Үйгө келип алып, Калыбекти сиңдиме үйлөндүрөбүз деп жатышат. Ал зордуктап жатса, кантип үйлөнүшмөк эле. Келечегин чогуу көрө албайбыз. 1-класстан 11-класска чейин чогуу окуп дагы зордуктайбы? Мен шок болуп жатам", - деп ачууланды жабырлануучунун эжеси.

Каныкей кылмышкер жазасын аларына ишенип, бул ишти тиешелүү органдардан жеке көзөмөлүнө алууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8055