Мугалимдер жан дили менен иштөөгө даяр деп ойлойм. Президент Билим күнү менен куттуктады
RU

Мугалимдер жан дили менен иштөөгө даяр деп ойлойм. Президент Билим күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда өлкөдө жаңы окуу жылы башталып, мектеп босоголору салтанаттуу ачылды. Өлкө башчы Садыр Жапаров Билим күнүнө карата бардык окуучуларды, студенттерди, окутуучуларды куттуктады.

"Урматтуу окуучулар, студенттер, мугалимдер жана ата-энелер! Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм.

Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне – барында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин оту жанган башкача сезимдер жаралат. 1-сентябрь, айрыкча, окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күн. Ошондуктан, бул күнү республиканын бардык окуу жайлары эшигин кенен ачып, майрам ээлерин кучагын жая тосуп алат. Билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл. Себеби билимдүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы", - дейт президент.

Садыр Жапаров мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын белгиледи.

"Окутуунун ыкмаларын жаңыртуу менен билим берүү жаатында өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз. Мына ушундай асыл максаттар менен өлкө жетекчилиги ар бир билим берүү мекемесинде окутуу иштерин жакшыртуу, өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү аракетинде. Мугалимдер болсо коомубузга билимдүү жаштарды даярдоого жан дилин, бар билимин, убактысын арноого даяр деп ойлойм. Ал эми ар бир ата-эне балдарынын билим, тарбия алуусуна жигердүү катышып, мектеп менен тыгыз байланышта болуп, өлкөбүздү өргө сүрөй турган жаштардын чыгышына опол-тоодой салым кошо алаарын унутпашы абзел", - дейт ал.

Мамлекет башчы ар бир окуучунун, ата-эненин, мугалимдин тилеги, ой-максаты орундалсын деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8155