1-сентябрдан тарта мектептерде гимн жаңырат
RU

1-сентябрдан тарта мектептерде гимн жаңырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-сентябрдан баштап мектептерде апта башында жана аягында мамлекеттик гимн жаңырат.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет.

Белгилей кетсек, президент "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыкка кол койгон. Ушул жарлыкты ишке ашыруу максатында, балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча усулдук сунуштар бекиди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8144