Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга жарым-жартылай уруксат берилет
RU

Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга жарым-жартылай уруксат берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сабак учурунда окуучулардын уюлдук байланыштарды колдонуусуна тыюу салынып, айрым учурда гана уруксат берилет. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка 30-августта кол коюлду.

Ага ылайык, окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын төмөнкү учурларда колдонуу сунушталат:

  • Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
  • Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
  • Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
  • Маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;
  • Электрондук күндөлүктү колдонууда;
  • Атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонуу;
  • Башка учурларда колдонууга тыюу салынат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8145